Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык спорттук оюндары өтөт

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 423 | 0

4-сентябрдан 12-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн эл аралык спорттук оюндары өтөт. Спорттук иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн, Кытай, Монголия жана Пакистандан профессионал эмес спортчулар катышат.

Бул чоң иш-чарага катыша тургандардын саны 2 миңден ашат. Алардын бары өз өлкөлөрүндө алдын ала тандоо турларынан өтүшкөн.

Алар Ысык-Көлдө спорттун 20 түрү боюнча күч сынашат: дартсу, кичи-футбол, таяк тартыш, стол тенниси, сууда сүзүү, волейбол, стритбол, армрестлинг, гир, жеңил атлетика, аркан тартыш, чуркоо, кум үстүндөгү футбол, күрөш, кум үстүндөгү регби, сумо күрөшү.

Салттуу беттештер менен катар спортчулар улуттук “Алыш” бел боо күрөшү боюнча күч сынашат. Беттеш ар кандай курактык топтордо эркектер жана аялдар арасында өтөт.

Турнир КМШнын Мамлекетер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун колдоосу менен Кыргызстандын дене тарбия жана спорт агенттиги жана профсоюздардын ыктыярдуу дене тарбия жана Кыргызстандын дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан уюштурулууда.

Оюндардын салтанаттуу ачылыш аземи ушул жылдын 5-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы “Каприз” эс алуу борборунда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM