Биз менен байланышыңыз

Спорт Стекинг Федерациясы 6-октябрда кичи мелдеш өткөрөт

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 1355 | 0

Стекинг спорту федерациясы 6-октябрда кичи мелдеш өткөрөт. Бул тууралуу аталган федерациядан билдирди.

Турнирдин өзгөчөлүгү аталган спортту ошол жерде эле үйрөнүп, катышууга болот. Жеңүүчүлөргө атайын белектер каралган.

Турнир саат 16:00дө башталат. Дареги: «Азия Молл» соода борбору, 3-кабат. Сурап-билүү телефону: +996(501) 133 233.

Кошумчалай кетсек, стекинг 1980-жылдары Америкада пайда болгон жана 1995 жылдан баштап популярдуулугу арта баштаган. Окумуштуулар атайын иликтеп көрүшүп, пайдалуу жактары көп экенин далилдешкен.

Стекинг спортунун эрежеси өтө жөнөкөй. Болгону өзгөчө дизайн менен жасалган 12 стаканды 3-3-3, 3-6-3 жана 1-10-1 (цикл) категорияларында ылдам убакытта тизип топтоо шарт.

Copyright © 2017 Maral FM