Биз менен байланышыңыз

Көк-бөрү: Чейрек финалда ойноочу командалар аныкталууда

Кыска кабар , Спорт | 16 Мар 2019 | 928 | 0

Бүгүн Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында Нооруз майрамынын урматына көк-бөрү боюнча Биринчи лигадагы командалар арасында мелдеш уланат.

Бүгүнкү жарым чейрек финалда 10:00 «Кара-Балта» — «Кабылан», 11:30 «Келечек» — «Ак-Суу», 13:00 «Намыс» — «Кыраан», 14:30 «Кара-Буура» — «Сон-Кол» командаларынын беттештери каралган.

Мелдеште 25 команда жарышка чыккан.

14 мартта тандап алуу оюндары өтүп, 15-мартта чейрек финалга чыккан 4 команда аныкталган. Бүгүнкү беттештен дагы төрт команда аныкталат.

Copyright © 2017 Maral FM