Биз менен байланышыңыз

Султан Жумагулов мелдеши: Дастанбек Жумабеков «Жогорку Кеңештин» капитаны

Кыска кабар , Спорт | 12 Окт 2019 | 730 | 0

Ушу тапта Бишкектеги футболдук борбордо белгилүү журналист, мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак мелдеши өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин жана «НТС», «ЭлТР», «Маданият», «КТРК», «Кыргыз радиосу», «Жалбырак ТВ», «Би Би Си», «Азаттык», «Бешинчи канал», «Кабар», «Пирамида» каналдарынын командалары катышууда.

Бүгүнкү мелдешти өткөрүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков колдоо көрсөтүүдө.

Султан Жумагулов ВВС, «Азаттык» эл аралык маалымат кызматтарында, ошондой эле ЭлТР, КТРК телеканалдарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Ал өткөн жылы Маданият, маалымат жана туризм министри кызматында иштеп туруп, узакка созулган оорудан кийин каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM