Биз менен байланышыңыз

Спорт журналисттеринин эл аралык күнү белгиленип жатат

Кыска кабар , Спорт | 2 Июл 2019 | 848 | 0

Бүгүн спорт кабарчыларынын эл аралык күнү белгиленүүдө.

Буга байланыштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги өлкө ЖМКларынын спорттук кабарчыларын Ысык-Көлгө чогултту.

Футбол боюнча мелдеште «Бэтмен» командасы чемпион болду.

Бул тууралуу команда мүчөсү, «jebe.media» порталынын спорттук кабарчысы Акылбек Орозматов «Маралга» билдирди.

Ал эми Гүлжан Турдубаева командалашы Гүлдана менен пляждагы волейбол боюнча кыз-келиндер арасында чемпион болгонун Фейсбук баракчасына жазды.

Бүгүн тогуз коргоол, мырзалар арасында волейбол, эстафета оюндары жыйынтыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM