Биз менен байланышыңыз

Балбан Улукбек Жолдошбековдун дарылануусун Өкмөт каржылайт

Кыска кабар , Спорт | 25 Фев 2020 | 716 | 0

Улукбек Жолдошбеков Азия чемпиондугуна болгон мелдеш учурунда жаракат алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциясынын Жобосуна ылайык, Кыргызстан курама командасына кирген спортчу аталган Дирекциянын каражаты менен медициналык тейлөөдөн өтүп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан толук кандуу көзөмөлгө алынат.

Белгилей кетсек, спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты 18-23-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында өттү.

Copyright © 2017 Maral FM