Биз менен байланышыңыз

Кыргыз спортчулары алты айда 371 медалга ээ болушту

Кыска кабар , Спорт | 28 Июн 2019 | 552 | 0

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 70 спорттук иш-чара өткөрүлдү. Кыргызстандын курама командалары 73 эл аралык мелдешке, 81 окуу-машыгуу чогулмаларына катышты. Алты айдын ичинде кыргыз спортчулары 371 медалга ээ болушту. Анын ичинен 97си алтын, 100ү күмүш, 174ү коло медаль. Бул маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов журналисттер менен болгон жыйында билдирди.

Канат Аманкулов билдиргендей, жаштардын маселелерин чечүүгө жалпы 1 млрд. 14 млн. сом каралып, ал 7 программа боюнча бөлүштүрүлгөн жана эл аралык уюмдар менен биргеликте жүзөгө ашырылат.

Мындан тышкары, Шераалы Сыдыков атындагы Олимпиадалык мектеп мындан ары спорттук коллеж макамына ээ болорун айтты.

Ошондой эле, Канат Аманкулов өз сөзүндө 2020-жылы Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарында кыргыз спортчулары тарабынан 21 лицензия алууга аракет жүрүп жатканын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM