Биз менен байланышыңыз

«2020-жылкы Дүйнөлүк Олимпиадага 21 жолдомо алабыз»

Спорт | 28 Июн 2019 | 721 | 0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов жана аталган агенттикке караштуу төрт дирекциянын директорлору маалымат жыйын өткөрүштү. 2019-жылдын биринчи жарымында аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча тааныштырып, 2019-жылдын экинчи жарымына мерчемделген иш-чаралар, ошондой эле, кабыл алынган программалар боюнча маалымат беришти.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги 2019-жылдын биринчи жарымына мерчемделген бир нече иштерди аткаргандыгын аталган агенттиктин директору Канат Аманкулов билдирди. Анын айтымында, февраль айында Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында «Туризмди өнүктүрүү» жаштар форуму, ал эми 11-14-март күндөрү кыргыз-өзбек жаштар форуму болуп өткөн. Ошондой эле, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда «Жаштар борбору» ачылды. Анын максаты жаштарга укуктук, саясий жана маданий жактан көмөк көрсөтүү болуп саналарын билдирди. Андан тышкары, Германиянын эл аралык уюму менен  жаштарды өнүктүрүүгө арналган, 300 миллион сомдук долбоорго 3 жылдык мөөнөттөгү келишимге кол коюлганын айтып, буларга токтолду:

— Биздин агенттик менен эл аралык уюмдардын ортосунда келишим бар. Төрт жылдын ичинде эл аралык уюмдардан Кыргызстанга 1 миллиард 14 миллион сом каралып, жаштар иштерине жумшалат.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында аталган агенттик 70 спорттук иш-чараларды өткөргөн. Акыркы алты айдын ичинде кыргыз спортчулары 371 медалга ээ болушту. Анын ичинен 97си алтын, 100ү күмүш, 174ү коло медаль. Мындай маалыматты спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов берди. Ал ошондой эле, 2020-жылы Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарында кыргыз спортчулары тарабынан 21 лицензия алууга аракет жүрүп жатканын маалымдады.

— Жеңил атлетика боюнча Колпакованын турнири өтөт. Ал мелдеште 2020-жылы өтө турган Токио олимпиадасына жолдомолор ойнотулат. Олимпиада оюндарына жолдомо алуу эрежелери мурдагыдан татаалдашып калган. Бирок, ага карабай, 21ден ашык жолдомо алабыз деп турабыз.

Окуучулар арасында «Дени сак муун» аталышындагы фестиваль күз айларында Ысык-Көл облусунда өткөрүлөрүн, аталган агенттиктин окуучулар арасындагы жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясынын директору Эркин Абдылдаев айтты. Ал иш-чарага жети обулустан жетимиштен окуучу тандалып алынарын билдирди. Ошондой эле «Келечек» программасы тууралуу буларды билдирди:

— «Келечек» программасы 12 жаштагы балдар арасында болуп жатат. Мунун жыйынтыгы менен олимпиадалык резервдер окуу жайына тандап алуулар болот. Август айында спортко шыктууларын иргеп алып, бардыгын жыйынтыктайбыз.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин аткарган иштери канаттандыраарлык. Каражат жетишсиз болгонуна карабай, ар кандай эл аралык мелдештерге спортчуларды жиберип байгелүү орундарды камсыздап келет. Мындай пикирди Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиев билдирди. Аталган тармакка жаш кадрлар келгенин, аларга колдоо көрсөтүү керектигин айтты.

— Агенттиктин ишине канааттандырарлык деген баа берет болчумун. Бирок, коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу биз арттабыз. Бизде эл аралык стандарттарга жооп берчү стадиондор, спорт залдар жок. Бирок, аракет кылып иштеп жатышат. Балким, өкмөттөн жеткиликтүү колдоо болбой жатат.

Айта кетсек, аталган агенттик жакынкы арада кол күрөш, таеквондо  жана триатлон боюнча Азия биринчилигин өткөрөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM