Биз менен байланышыңыз

Токиодогу олимпиадалык оюндарга даярдык көрүү боюнча кеңешме өттү

Кыска кабар , Спорт | 26 Мар 2021 | 1576 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өлкөнүн спортчуларын мелдештерге даярдоону уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө спортчуларды даярдоо, каржылоо, турнирлерди өткөрүүгө даярдык, ошондой эле башка актуалдуу маселелер боюнча маалымат угулду.

Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

— Спорттук федерациялар менен биргеликте спортчулардын алдыдагы олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарга даярданышына жана катышуусуна шарт түзүү;

— Дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын чемпионатын, ШКУ эл аралык марафонун өткөрүүгө, ошондой эле алдыдагы олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарга спортчуларды даярдоо үчүн сарптала турган каражатты өз учурунда бөлүү;

— Олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрү, сыйлануучулары жана алардын машыктыруучулары үчүн бир жолку акчалай сыйлыктын өлчөмүн бекитүү боюнча сунуш берүү;

— Жайкы олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарга даярдык алкагында Кыргызстандын курама командалары үчүн окуу-машыгуу жыйындарынын өткөрүлүшүн жана алардын бардык лицензиялык турнирлерге катышуусун камсыздоо;

— Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү жайкы олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарда кийе турган параддык жана спорттук форманын үлгүсүн (дизайн-эскиз) комитетинин кароосуна киргизүү;

— Спорттук-массалык иш-чаралардын катышуучулары үчүн конкреттүү эсептер жана каржылоо булактарын эске алып, тамактануусунун акчалай ченемин жогорулатуу боюнча сунуш киргизүү.

Copyright © 2017 Maral FM