Биз менен байланышыңыз

Япония Олимпиада оюндары үчүн COVID-19га каршы жарым миллиард вакцина сатып алат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Авг 2020 | 699 | 0

Япония Олимпиада оюндары үчүн коронавируска каршы жарым миллиард вакцина сатып алууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Бул өлкө жашоочуларынын ар бирине төрттөн даана вакцина туура келет дегенди билдирет.

Маалыматка караганда, өлкө 2021-жылга карата 126 миллион калкы үчүн беш түрдүү өндүрүүчүдөн 521 миллион даана вакцина сатып алууну караштырууда.

Ден соолугуна байланыштуу жакында кызматтан кете тургандыгы айтылып жаткан премьер-министр Синдзо Абэ оюндарды өткөрүп, 2021-жылы Токиого миңдеген спортчулар менен күйөрмандарды тартууга өзгөчө көңүл бурууда. Япон аткаминерлеринин пикиринде, туризм — пандемия маалында 30% төмөндөгөн ички дүң өнүмдү жогорулатып, экономиканын өсүүсүнө түрткү болот.

Пандемия шартында Олимпиада оюндарын өткөрүү бир катар логистикалык көйгөйлөрдү жарата тургандыгы айтылууда. Анткени дүйнө жүзүнөн келген миңдеген спортчулар машыгып жана иш-чараларга барып турушу керек. Мындан тышкары күйөрмандар да коопсуз жерлерге жайгаштырылышы зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM