Биз менен байланышыңыз

Коронавируска карабастан Олимпиада-2020 токтотулбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 591 | 0

Токиодо белгиленген Жайкы Олимпиада оюндары өз убагында өтөт. Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруу комитети коронавирус коркунучу боюнча талкуудан соң ушундай чечим кабыл алды.

Комитет спортчуларды мелдешке даярданып, машыгууга көңүл бурууга чакырды.

Келишим боюнча Токио Олимпиаданы жылдын соңуна чейин жылдырууга укугу бар. Бирок оюнду өткөрбөй коюу чечимин Эл аралык Олимпиада комитети гана кабыл алат.

Коронавируска байланыштуу айрым спорттук мелдештер өтпөй, же көрүүчүлөрсүз өткөндөн кийин Олимпиаданын болор-болбосу суроо жарата баштаган.

Япония бийлиги Олимпиада үчүн эч кандай коркунуч жок экенин бир нече жолу билдирген. Оюндарга даярдык көрүүгө азыркы тапта эле 12 миллиард доллар жумшалды.

Эске салсак, 2020-жылкы жайкы Олимпиада оюндары 22-июлдан 9-августка чейин Япония мамлекетинде өтөрү белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM