Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын алты дзюдочусу Израилдеги эл аралык турнирге катышат

Кыска кабар , Спорт | 7 Фев 2021 | 1059 | 0

Кыргызстандык алты дзюдочу эл аралык Tel Aviv Grand Slam Israel турнирине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Маалым болгондой, спорттук иш-чара 18-20-февраль күндөрү Израилдин Тель-Авив шаарында өтөт.

Мелдешке төмөнкү дзюдочулар барат:

  • Кубанычбек Айбек уулу, КРдин спорт чебери, салмак категориясы – 60 килограмм;
  • Отар Бестаев, КРдин эл аралык даражадагы спорт чебери — 60 килограмм;
  • Артур Те — 66 килограмм;
  • Владимир Золоев — 81 килограмм;
  • Эрлан Шеров — 90 килограмм;
  • Юрий Краковецкий — 100 килограммдан оор.
  • Сергей Мистрюков — улук машыктыруучу;
  • Абдужалил Юнусов — башкы машыктыруучу.

Спорт агенттиги мелдешке катыша турчу дзюдочулар менен машыктыруучулар республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM