Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык 6 боксчу Азия чемпионатына катышат

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 644 | 0

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы БАЭде өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Мелдеш 21-майдан 1-июнга чейин Дубай шаарында өтөт.

Чемпионатка төмөнкү спортчулар барат:

1. Мирлан Түркбай уулу, 49 кг;
2. Азат Үсөналиев, 52 кг;
3. Акылбек Эсенбек уулу, 57 кг;
4. Нурадин Рустамбек уулу, 69 кг;
5. Өмүрбек Бекжигит уулу, 75 кг;
6. Эркин Адылбек уулу, 81 кг.

Copyright © 2017 Maral FM