Биз менен байланышыңыз

Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси

Кыска кабар , Спорт | 20 Фев 2021 | 1379 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча 2021-жылдагы өлкө чемпионаты жыйынтыкталды.

17-18-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн бул беттешке 229 балбан катышып, 10 салмак категорияда күч сынашты.

Чемпионат улуттук курама команданын мүчөлөрүн аныктоо, спортчулардын чеберчилигин арттыруу, спорттун бул түрүн жаштар арасында жайылтуу жана балбандарды эл аралык мелдештерге даярдоо максатында өттү.

Балбандар үчүн Олимп оюндарына жолдомо бере турган Азия жана дүйнөлүк мелдештерге катышуу быйылкы жылдын башкы максаттарынын бири болуп саналат. Азырынча күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандын эсебинде быйыл жайында Токиодо өтө турган Олимп оюндарына бир жолдомо бар. Аталган лицензияны  87 килограмм салмакта күрөшкөн Атабек Азизбеков алган.

Мелдештин жыйынтыгы менен төмөнкү балбандар байгеге ээ болушту:

55 килограмм:

  • 1-орун Нурмухаммед Абдуллаев
  • 2-орун: Акыйкат Кулжигит уулу
  • 3-орун: Сардар Конушбаев
  • 3-орун: Балбай Дордоков

60 килограмм:

  • 1-орун: Жоламан Шаршенбеков
  • 2-орун: Калы Сулайманов
  • 3-орун: Бактияр Акбердиев
  • 3-орун: Куттубек уулу Абдыкерим

63 килограмм:

  • 1-орун: Урматбек Аматов
  • 2-орун: Эрмек Каныбек уулу
  • 3-орун: Бекназар Бакытбек уулу
  • 3-орун: Азиз Замиров

67 килограмм:

  • 1-орун: Марлен Асикеев
  • 2-орун: Амантур Исмаилов
  • 3-орун: Нурсултан Махмудов
  • 3-орун: Халмурат Ибрагимов

72 килограмм:

  • 1-орун: Шухрат Сайтазимов
  • 2-орун: Бек Коңурбаев
  • 3-орун: Аслан Тойчуев
  • 3-орун: Ийгилик Сатымкул уулу

77 килограмм:

  • 1-орун: Акжол Махмудов
  • 2-орун: Кайрат Түгөлбаев
  • 3-орун: Ренат Ильяз уулу
  • 3-орун: Акылбек Талантбеков

82 килограмм:

  • 1-орун: Калидин Асыкеев
  • 2-орун: Бексултан Назарбаев
  • 3-орун: Эрлан Чопбай уулу
  • 3-орун: Жеңиш Жумабеков

87 килограмм:

  • 1-орун: Атабек Азизбеков
  • 2-орун: Азат Салидинов
  • 3-орун: Мелис Айтбеков
  • 3-орун: Медер Абыкеев

97 килограмм:

  • 1-орун: Үзүр Жусупбеков
  • 2-орун: Бексултан Махмудов
  • 3-орун: Данияр Шеримбеков
  • 3-орун: Аркыт Оробеков

130 килограмм:

  • 1-орун: Эрлан Манатбеков
  • 2-орун: Музафар Жаппуев
  • 3-орун: Давран Садыков
  • 3-орун: Роман Ким

Copyright © 2017 Maral FM