Биз менен байланышыңыз

Киев: Кыргыз курамасы 8 медаль утту. Бүгүн дагы 5 балбан беттешет

Кыска кабар , Спорт | 28 Фев 2021 | 3583 | 0

Бүгүн, 28-февралда Украинанын борбору Киев шаарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча XXIV эл аралык мелдештин 1-күнүнүн финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 00:30да башталды. Анда Кыргызстандын финалга чыккан 9 балбаны күрөштү.

Жыйынтыгында алардын экөө алтын медаль алса, үчөө күмүш медалга, дагы үч кыргыз балбаны коло байгеге ээ болду. Бирөөсү атаандашына жеңилип калды.

Турнирге 97 килограмм салмакта катышкан Үзүр Жусупбеков финалда грузиялык балбан менен күрөшмөк. Атаандашы финалга чейин алган жаракатынан улам күрөшө албастыгын билдирип, Үзүр Жусупбеков автоматтык түрдө алтын медалга ээ болду.

Ал эми мелдешке 68 килограмм салмакта катышкан балбан кыз Мээрим Жуманазарова финалда канадалык Оливия Ди Бакко менен кез келип, эсеп 1:1 болгон. Кыргыз балбаны акыркы болуп ыкма жасагандыгы үчүн чемпион аталды.

Ошондой эле балбан кыздар Назира Марсбек кызы менен Айпери Медет кызы финалда атаандаштарына жеңилип, күмүш байгенин ээлери болушту.

Дагы бир эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта финалга чыккан Эрназар Акматалиев финалда азербайжандык Али Рагимзаде менен кез келип, 4:5 эсебинде жеңилип калды.

Ушул эле 65 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Алибек Осмонов молдовалык балбанды 6:2 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду.

57 килограмм салмакта эркин күрөш боюнча катышкан балбан Бекболот Мырзаназар уулу коло байге үчүн болгон күрөштө грузиялык балбанды 14:5 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду.

Эркин күрөш боюнча 86 килограмм салмакта катышкан дагы бир кыргыз балбаны Нуртилек Карыпбаев коло байге үчүн беттеште украиналык балбанды 8:3 эсебинде жеңип, үчүнчү коло байгени кыргыз курамасына алып келди.

Ал эми күрөштүн грек-рим түрү боюнча 55 килограмм салмакта катышкан жаш кыргыз балбаны Нурмухаммед Абдуллаев коло байге үчүн болгон беттеште грузиялык балбанга 5:2 эсебинде жеңилип калды.

Киев шаарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча өтүп жаткан турнирде кыргыз курамысында жалпысынан 8 медаль бар, 2 алтын, 3 күмүш, 3 коло.

Белгилей кетсек бүгүн, 28-февралда турнирдин экинчи күндүк беттештеринин финалы уланат. Финалга балбан кыз Айсулуу Тыныбекова менен балбан Жоламан Шаршенбеков чыккан. Коло байге үчүн күрөшкө дагы 3 балбан килемге чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM