Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстанды дагы эки оюн күтүп турат

Спорт | 7 Июн 2021 | 1131 | 0

Бүгүн, 7-июнда өткөн футбол боюнча Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагындагы оюнда Кыргызстандын курамасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип калды. Голду Монголиянын оюнчусу Мижиддорж Оюунбаатар оюндун биринчи бөлүгүнүн 34-мүнөтүндө киргизди. Беттештин 2-бөлүгүндө «ак шумкарлар» чабуулга тынымсыз чыкканы менен, эсепти өзгөртө алган жок.

Беттеш Осака шаарындагы «Янмар» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталды. Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 6 оюн өткөрүп, биринде да жеңилген эмес. Андан кийин 6 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Кыргызстанда 7 упай бар. Бирок «Ак шумкарлар» азырынча 5 гана беттеш өткөргөн. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (3 упай) ээлөөдө.

Кыргызстан футбол федерациясынын президенти Канат Маматовдун айтымында, беттештин алдында коронавирус жуктуруп алган деп шектелгендиктен Кыргызстан курамасынын коргоочусу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба оюнга чыга алышкан жок. Ага байланыштуу дарбазага коргоочу Айзар Акматов турду.

«Биздин курама команда Япониянын Осака шаарына барган күнү коронавируска тест тапшырышкан. Анын ичинен бир оюнчубуз COVID-19 илдетине шектелип, аны менен чогуу жүргөн башка оюнчуларды да шектелип калды. Биринчи күнү биздин команданы машыгууга жөнөтүшкөн жок. Экинчи күнү суранып жатып, жарым-жартылай машыгышты. Үчүнчү күнү шектелген адамдан башкаларына толук түрдө машыгууга уруксат берилди. Оюнга 2-3 саат калганда коронавируска шектелген оюнчунун жанында жүргөн футболчулардын оюнга чыгуусуна тыюу салынды. Шектелгендердин арасында 3 дарбазачы бар болчу. Команда психологиялык жактан бул оюнга даяр болбой калды».

Ошондой эле, Канат Маматов оюндун жүрүшү тууралуу нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, келген топтун соккусун тосууда тажрыйбалуу дарбазачы турганда, Кыргызстан мындай жыйынтыкка ээ болбойт болчу.

«Команда даярдыгы жок эле оюнга чыгып кетти. Техникалык жеңилүү деп койсо, 3 балл жоготмокпуз. Оюн бир тараптуу болду. Кыргызстан тараптан да бир топ чабуулдар коюлду. Жыйынтыгы өкүнүчтүү болду. Топ келе жатканда дарбазачынын ордуна турган коргоочу жеринен жылып кетти. Ал эми дарбазачы болгондо, ошол топту киргизбей, сактап калса болот эле. Кандай болсо да, жеңилдик. Эми мындан кийинки оюндарга даярдыктарды көрөбүз. Мыкты оюн көрсөтөт деген үмүттөмүн».

Буга чейин Кыргызстан Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында Монголия менен ойногон. Анда Кыргызстан атаандаштарын 2:1 эсебинде жеңип алган. Бул беттештен тышкары Кыргызстанды дагы эки оюн күтүп турат: 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен.

Copyright © 2017 Maral FM