Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын дзюдо федерациялары кызматташат

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1859 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын дзюдо федерациялары кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, 7-апрелде дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын алкагында Кыргызстандын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Өзбекстандын дзюдо федерациясынын президенти Азиз Камилов менен жолугушту.

Өз кезегинде Жолдошбек Көлбаев бул Меморандум эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө бекем негиз болуп берет деген ишенимин билдирди.

«Биз ар дайым ачыкпыз жана Өзбекстандын дзюдо федерациясы менен тыгыз кызматташууга жана дзюдо күрөшүн жайылтууга багытталган иш-чараларды биргеликте өткөрүүгө даярбыз», — деди Көлбаев.

Меморандум дзюдо спортун, сергек жашоо образын жана спорттук медицинаны жайылтуу жаатында кызматташууга арналган.

Бишкек шаарында 6-апрелден бери Азия жана Океания чемпионаты өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM