Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык эки балбан бел боо күрөшүнөн дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 5 Ноя 2019 | 2004 | 0

Кыргызстандык балбан, бел боо күрөшүнүн чебери Нурбек Кожобеков жана Бектурган Кожомуратов дүйнө чемпиону болушту. Бул тууралуу аталган күрөш боюнча федерациядан кабарлашты. Нурбек бешинчи ирет удаасы менен белбөө күрөштөн дүйнө чемпионатын утту. Кожобеков 100 килограммга чейинкилер арасында жеңүүчү болду. 82 кило салмакта дагы бир кыргыз балбаны Бектурган Кожомуратов чемпион болуп, алтын байге тагынды. Бектурган муну менен экинчи ирет дүйнөнү багындырды.

2019-жылдагы бел боо күрөшүнүн мыктыларын аныктаган мелдеш Орусиянын Казан шаарында 1-2-ноябрда өткөн. Ага 35 мамлекеттин спортчулары чакырылып, Кыргызстандан 16 балбан катышкан.

Кыргызстан курамасында эки алтын, төрт күмүш жана алты коло медаль бар. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан курамасы Орусиядан кийинки экинчи орунду ээледи.

Copyright © 2017 Maral FM