Биз менен байланышыңыз

Ташкентте көк-бөрү боюнча Дүйнө чемпионаты өтпөй калды

Кыска кабар , Спорт | 22 Окт 2019 | 2773 | 0

Ташкентте 20-ноябрга белгиленген Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтпөй калды. Уюштуруу комитети мелдешти даярдап өткөрүүгө жетишпей калганы буга себеп болгон. Бул кабарды Кыргызстандын көк-бөрү федерациясынын генералдык катчысы Кубатбек Аскарбеков “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, буга байланыштуу кечээ Өзбекстандан расмий кат келген. Анда уюштуруу иштери бүтпөй калганына байланыштуу дүйнө чемпионаты 2020-жылга калтырылган.

Бизге кечээ Өзбекстандын Көк пари федерациясынан кат келди. Анда Өзбекстандын спорт комитети Көк бөрү боюнча 2019-жылдагы дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даярданып жетишпей калганын билдирген”, — деди Кубатбек Аскарбеков.

Ташкентте 20-26-ноябрда Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпионаты белгиленген. Кыргызстандын көк-бөрү боюнча улуттук курамасы бул мелдешке катышуудан баш тарткан.

Федерация буга Ташкентте Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпионаты деп аталганы менен казактардын көкпар оюнунун эрежеси менен тай казаны жок өтөөрү, мелдешке расмий чакыруу берилбегени себеп болгонун жүйө келтирген.

Copyright © 2017 Maral FM