Биз менен байланышыңыз

Кикбоксинг: Авазбек Аманбеков дүйнө чемпионатынын финалында беттешке чыгат

Кыска кабар , Спорт | 30 Ноя 2019 | 655 | 0

Кыргызстандык Авазбек Аманбеков кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатынын финалында беттешке чыгат. Бул тууралуу аталган спорттук федерациядан кабарлашты.

57 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Авазбек Аманбековдун атаандашы түркмөнстандык мушкер Пыгы Салыбов болмокчу.

Беттеш ушул сааттарда башталууда.

Кыргыз спортчусу мелдештин чейрек финалында мавританиялык атаандашы Мишел Баулук Фабристи утуп алды.


Кикбоксинг: Авазбек Аманбеков дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты


Ал эми жарым финалда Марокко өлкөсүнүн кикбоксчусу Хай Аюбду жеңип, финалга чыккан.

Кикбоксингдин WAKO түрү боюнча 2019-жылдагы дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өтүүдө.

Эскерте кетели, Авазбек Аманбеков аталган спорттун лоу-кик түрү боюнча учурдагы дүйнө чемпион болуп саналат.

Ушул жылдын октябрь айында Сараево (Босния жана Герцеговина) шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон.

Copyright © 2017 Maral FM