Биз менен байланышыңыз

Кикбоксинг: Авазбек Аманбеков дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 1 Дек 2019 | 776 | 0

Кыргызстандык Авазбек Аманбеков кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатынын финалында алтын медал тагынды. Бул тууралуу аталган спорттук федерациядан кабарлашты.

57 килограмм салмакта күч сынашкан Авазбек Аманбеков финалдык беттеште атаандашы түркмөнстандык мушкер Пыгы Салыбовду утуп, алтын медалга ээ болду.

Кыргыз спортчусу мелдештин чейрек финалында мавританиялык атаандашы Мишел Баулук Фабристи, жарым финалда Марокко өлкөсүнүн кикбоксчусу Хай Аюбду жеңип, финалга чыккан.

Кикбоксингдин WAKO түрү боюнча 2019-жылдагы дүйнө биринчилиги Түркиянын Анталия шаарында өттү.

Эскерте кетели, Авазбек Аманбеков аталган спорттун лоу-кик түрү боюнча учурдагы дүйнө чемпион болуп саналат.

Ушул жылдын октябрь айында Сараево (Босния жана Герцеговина) шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон.

Copyright © 2017 Maral FM