Биз менен байланышыңыз

Бишкекте хоккей боюнча Дүйнө Чемпионатын өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартип күчөтүлөт

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 628 | 0

3-5 мартта Бишкек шаарында хоккей боюнча Дүйнө Чемпионаты (IV дивизион) даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу Кыргызстандын аймагында жана Бишкек шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коомдук коопсуздук камсыздоо максатында атайын иш-чараларды өткөрөт.

Ушуга байланыштуу, бүгүн 26-февралдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан бардык область, райондордо жана Ош жана Бишкек шаарында ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлө баштайт.

Хоккей боюнча Дүйнө Чемпионатын өткөрүүдө жарандардын, меймандардын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыздоо – ИИМдин башкы багыттарынын бири болуп саналат.

Иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер органдарынын каттоосунда тургандардын кылмыштарды жана укук бузууларды жасоосун алдын алууга, андан сырткары үй-бүлөлүк-тиричилик мамилелер чөйрөсүндө кылмыштарды жана коомдук жайлардагы укук бузууларды алдын алууга багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлөт.

Укук бузуулардын алдын алуу менен бирге коомдук тартипти сактоо жана кылмыштардын бетин ачуу боюнча комплекстүү иш-чаралар да жүргүзүлөт.

Массалык иш-чаралар өтө турган жайларда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп, маанилүү объекттилер өзгөчө көзөмөлгө алынат.

ИИМ жарандарды сак болууга чакырат жана көрүлүп жаткан ыкчам алдын алуу чараларын түшүнүү менен кабыл алууну суранат. Иш-чаралардын жүрүшүндө атайын пландарга ылайык кызматкерлерден турган фильтрациялоо посттору коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM