Биз менен байланышыңыз

Кикбоксинг боюнча курама Дүйнө чемпионатында 3 медаль утту

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 355 | 0

Кикбоксинг боюнча Кыргызстандын курама командасы 15-24-октябрь күндөрү, Италиянын Езоло Либо шаарында өткөн кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионатында 1 күмүш 2 коло медаль жеңди. Чемпионатка 50 ашуун мамлекеттин спортчулары катышты.

63,5 кг салмак категорияда Икбол Фозилжонов күмүш медалга ээ болуп, дүйнөнүн 8 мыкты кикбоксчуларынын катарына кирди. Ошондой эле Американын Бирмингем шаарында өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк согуш өнөрү оюндарына лицензия жеңип алды.

Ошондой эле Алексей Федосеев лоу-кик түрү боюнча коло медалга ээ болду. Ал эми 63 кг чейинки салмак категорияда Бегматов Чыңгыз кик-лайт түрү боюнча коло медаль алды.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиялык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM