Кыргызстандык кикбоксчу Авазбек Аманбеков Сараево (Босния жана Герцеговина) шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болду. Мелдештин лоу-кик бөлүгүндө 57 кило салмакта күч сынашкан Авазбек финалда түрк мушкери Мохаммед Онжул менен кез келди.
Үч раунддук беттештен соң, калыстар бир добуштан кыргызстандык кикбоксчуга жеңишти ыйгарышкан.
Кыргызстандык мушкер финалга чейин Палестина, АКШ спортчуларын уткан. Жарым финалда швециялык Кристофер Робертсонду жеңип алган.
Авазбек Аманбеков ушуну менен экинчи ирет дүйнө чемпиону болду. 2013-жылы аталган спорттун кик-лайт түрү боюнча дүйнөнү багындырган. Мындан сырткары ал 2017-жылы жабык имаратта өтүүчү Азия оюндарында чемпион болгон.