Биз менен байланышыңыз

Кикбоксинг: Авазбек Аманбеков дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 28 Ноя 2019 | 547 | 0

Кыргызстандык Авазбек Аманбеков кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу аталган спорттук федерациядан кабарлашты.

Кикбоксингдин WAKO түрү боюнча 2019-жылдагы дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өтүүдө.

57 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Авазбек Аманбеков мелдеште чейрек финалдык этаптан баштап катышууда.

Алгачкы беттешинде ал мавританиялык атаандашы Мишел Баулук Фабристи утуп алды.


Кыргызстандык Авазбек Аманбеков кикбокс боюнча дүйнө чемпиону болду


Эскерте кетели, Авазбек Аманбеков аталган спорттун лоу-кик түрү боюнча учурдагы дүйнө чемпион болуп саналат. Ушул жылдын октябрь айында Сараево (Босния жана Герцеговина) шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон.

Copyright © 2017 Maral FM