Биз менен байланышыңыз

Азия чемпиону Акжол Махмудов килем үстүндө күрөшүп машыга баштады (видео)

Кыска кабар , Спорт | 15 Окт 2019 | 877 | 0

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Азия чемпиону, Азия оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов килем үстүндө күрөшүп машыга баштады. Бул тууралуу ал «Маралга» билдирди.

Ал жаракат алган бутуна көп оорчулук келтирбегени менен башка ыкмаларды, көнүгүүлөрдү жасап, айрым учурларда чегинен ашыра машыгып жатканын айтат.

Акжол жакынкы күндөрү кандай мелдештерге чыга турганы азырынча белгисиз экени, бул атайын тараптардын кеңешүүсү менен кабыл алына турган чечим болорун билдирет.

Эске сала кетсек, Акжол Махмудов өткөн жылдын февралында машыгуу учурунда футбол ойноп жатып, бутун сындырып алган. Ага  Германиядан операция жасаткан. Кийин кайра барып реабилитациядан өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM