Биз менен байланышыңыз

Бутуна операция жасаткан балбан Акжол Махмудов таягын таштады

Кыска кабар , Спорт | 27 Мар 2019 | 779 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Акжол Махмудов эртең — 28-мартта Кыргызстанга келет. Бул тууралуу “Маралга” балбандын атасы Мухамед Махмудов  билдирди.

21-февралда Германиянын Кёльн шаарында Акжолдун бутуна операция жасалган. Учурда балдаксыз басып калды.

Эске сала кетсек, 19-январда кыргызстандык балбан машыгуу учурунда футбол ойноп жатып, бутунан жаракат алган. Текшерүүлөрдөн кийин Акжолдун тизеси сынганы аныкталып,  операция жасатуу үчүн Германияга бара турганы белгилүү болгон.

Дене тарбия жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиги балбандын операциясына 1,5 миллон сом каражат бөлүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM