Биз менен байланышыңыз

Көк-Ташта октон жаракат алган жоокерди Москванын дарыгерлери карап жатышат

Кыска кабар | 30 мая 2020 | 2813 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районунун Көк-Таш айылында тажиктердин аткан огунан жарадар болгон чекарачы-жоокер Мирбек Султанбек уулуна Москвадан операция жасалат. Бул үчүн Орусиядан дарыгерлер келишип, учурда кеңешүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн “Маралга” билдирди.

Биз Москвадан дарыгерлерди чакырганбыз. Дарыгерлер тобу чек арачы-жоокердин ден соолугунун абалын карап чыгышып, операция жасоо боюнча ар кандай варианттар талкууланып жатат. Кеңешүүлөрдөн кийин чечим кабыл алынат, — деди Мадамин Каратаев.

8-майда Баткен районунун чек арадагы Көк-Таш айылында кыргыз-тажик элинин ортосунда чыр чыгып, таш урушуу болгон. Эки тараптын чек арачылары адегенде асманга ок чыгарышып толкундоолорду баскан.

Көп өтпөй тажик тараптан күтүүсүздөн автомат, минометтон ок чыгарылып, эки тараптуу ок атышуу болгон. Кагылышууда Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз аттуу үч жоокер октон жарадар болгон. Баткен ооруканасына жаткырылган аскерлер 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке Улуттук госпиталга жеткирилген.

Көкүрөгүнө ок тийген эки чек арачы сакайып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми омурткасына ок тийген Мирбек Султанбек уулуна алгач Баткенде, экинчи жолу Бишкекке келгенде ичегисине операция жасалган.

Copyright © 2017 Maral FM