Биз менен байланышыңыз

Казакстанда учак кырсыгынан жабыркагандарга операция жасалды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2021 | 747 | 0

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Авиация кызматына таандык Ан-26 учагында кырсыкка кабылган эки аскер кызматкерине операция жасалды. Алардын абалы «өтө оор» деп бааланып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул тууралуу Алматы саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматына таянып, «РИА Новости» жазды.

Маалыматка ылайык, бейтаптарга операция жасалгандан кийин да, абалы оор бойдон калууда. Алардын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык аракеттер жасалып жатат.

Учак 13-март күнү кечинде Алматы аэропортуна конуп жатканда кулап түшкөн. Казакстан УККсынын басма сөз кызматы билдиргендей, учактагы алты кишинин төртөө каза таап, экөө күйүк жана сыныктар менен ооруканага жеткирилген.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев учак кырсыгынын себептерин иликтөөнү тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM