Биз менен байланышыңыз

Индонезияда кулап түшкөн учактын кара кутулары табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2021 | 979 | 0

«Sriwijaya Air» авиалайнери кулаган жерде иштеген издөө топтору кара кутучанын сигналдарын табышты. Бул тууралуу Индонезиянын «Tribune News» гезити билдирди.

Издөө операциясынын командири Хади Тиажантонун айтымында, куткаруучулар эки сигналды байкап, алардын жайгашкан жерин аныкташты.

«Жакында аны көтөрө алабыз деп ишенем. Кара кутуча кырсыктын себептерин билүү үчүн материал болот», — деди Хади.

«Sriwijaya Air» авиакомпаниясынын «Boeing 737-524» учагы 9-январда Жакарта аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин радардан жоголгон. Авиалайнер Калимантан аралындагы Понтианак шаарына багыт алган.

Бир нече сааттан кийин Индонезия өкмөтү Ява деңизинде кулаган учак жөнүндө кабарлашкан. Учактын бортунда 50 жүргүнчү жана экипаждын 12 мүчөсү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын баары каза тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM