Биз менен байланышыңыз

Индияда учак кырсыгы: каза болгондор ондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Авг 2020 | 662 | 0

Индиянын Керала штатында жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан учак аэропорттогу учуп-конуу тилкесинен чыгып кетти. Маалымат каражаттары учактын алдыңкы бөлүгү менен учкучтар отурган бөлүк толугу менен талкаланганын жазышууда.

Кырсыктын кесепетинен 14 адам каза таап, жүз жыйырма үчү жарадар болгону айтылууда. Каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн. Алгачкы сааттарда ооруканаларга 30 адам ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.

Маалыматтар боюнча, учак Дубай шаарынан учкан. Бортто 170 адам болгону айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM