Биз менен байланышыңыз

Индонезиядагы жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 56га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 865 | 0

Индонезиянын Сулавеси аралында жер титирөөдөн каза болгондордун саны 56 жетип, 826 адам жаракат алгандыгын «Синьхуа» агенттиги Индонезиянын Улуттук кырсыктарды башкаруу кеңешине (BNPB) шилтеме берүү менен билдирди.

Буга чейин 46 адам каза болуп, 637 адам жаракат алгандыгы айтылган. Батыш Сулавеси провинциясынын бийлиги жер титирөөдөн кийин өзгөчө кырдаал жарыялады. Табигый кырсыктарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Дони Монардо өзгөчө кырдаал жакынкы бир-эки жумада жоюлушу мүмкүн экендигин билдирди.

Кырсыктын алдын алуу үчүн Мамуджу жана Маджене провинцияларына жалпысынан 284 миң доллар бөлүндү. Ошондой эле  чатыр, жууркан жана башка керектүү нерселер таратылды.

Мамуджу шаарынын жанында жума күнү кечинде 6,2 баллдык жер титирөө катталган. Табигый кырсыктын кесепетинен болжол менен 15 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Индонезиянын президенти Жоко Видодо табигый кырсыкта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жергиликтүү бийликке жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам чара көрүүнү тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM