Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 741 | 0

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Кечээ, 13-май саат 14:37де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Эселек, Көк-Айгыр айылдарында 4 балл, Торугарт айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM