Биз менен байланышыңыз

«Мугалимди текшергендер ансыз да көп болчу, эми аларга УКМК, прокуратура кошулду»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2022 | 6151 | 0

Кыргызстанда мугалимдерге болгон мамиле жана алардын кадыр-баркы өтө көйгөйлүү. Мындай пикирин онлайн университеттин негиздөөчүсү, билим берүү боюнча адис Элира Турдубаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин да мугалимдерди «текшерүүчүлөр» көп болуп келген. Эми алардын катарына УКМК, прокуратура кошулуп, агай-эжейлердин «жанын койбой жатышат».

«Бизде мугалимди сыйлоо, алардын кадыр-баркын көтөрүү маселелери аябай көйгөйлүү. Ал аз келгенсип, текшерүүчү органдардын катарына УКМК, Башкы прокуратура кошулду, эми дипломдору текшерилип жатат. Ансыз деле буга чейин текшерүүлөр көп болуп, мугалимдердин «жанын койчу эмес». Мектеп администрациясы тарабынан мугалимдер дайыма орой мамиле туш болушат. Директор, завучтар мугалимдерди кемсинтип, урушуп турушат. Мындан улам мугалимдердин психологиясы жабыркайт», — деди Турдубаева.

Ал билим берүү өкүлдөрүнүн 5-6 айда бир квалификациясын жогорулатып, педагогдордун айлыгын көтөрүп, моралдык жана психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, коомчулук тарабынан аларга өзгөчө мамиле кылуу зарылчылыгына токтолду.

Copyright © 2017 Maral FM