Биз менен байланышыңыз

Нарында арзандатылган баада 80 тонна шекер, 40 миң литр май сатылат

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 591 | 0

Нарын облусуна Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 65 сомдон кумшекер, 124 сомдон май алып келинет. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин аракети менен жакынкы күндөрдө Нарын облусуна килограммы 65 сомдон 80 тонна шекер, ошондой эле литри 124 сом 50 тыйындан 40 миң литр суу май алып келинип, атайын уюштурулган жарманкелерде жана соода түйүндөрүндө өз баасында сатылат.

Ашимбаев ошондой эле Нарын шаарындагы дүң соода кылган жеке ишкерлер менен сүйлөшүп, мамлекеттик резервден берилип жаткан арзан баадагы азык-түлүктү ташып келип, элге арзан баада сатып берүүлөрүн өтүндү.

Ошондой эле ишкерлерди жер-жерлерде уюштурулган жарманкелерде дүң баада соода кылып, элге жардам берүүгө чакырды.

Жолугушууда 19-март күнү Нарын шаарында азык-түлүк жарманкесин уюштуруу мерчемделди.

Бүгүнкү күндө Нарын шаарындагы соода түйүндөрүндө 1 килограмм кумшекер 90-95 сомдон, 1 литр суу май 180 сомдон өйдө, ал эми бир кап ун 1800-2200 сомдон сатылууда.

Copyright © 2017 Maral FM