11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо Нарын шаарында 9 партия ат салышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгы төмөнкүдөй:
«Бийлик элге» — 14,78%
«Ордо» — 14,29%
«Патриот ынтымагы» — 13,25%
«Улуу Кыргызстан» — 12,68%
«Өнүгүү-Прогресс» — 12,38%
«Ыйман Нуру» — 10,95%
«Республика» — 9,36%
Эскерте кетсек, бул алдын ала чыгарылган жыйынтык жана бардык шайлоо тилкелеринин маалыматы камтылган эмес.