11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо Нарын шаарында 9 партия ат салышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгы төмөнкүдөй:
- «Бийлик элге» — 14,78%
- «Ордо» — 14,29%
- «Патриот ынтымагы» — 13,25%
- «Улуу Кыргызстан» — 12,68%
- «Өнүгүү-Прогресс» — 12,38%
- «Ыйман Нуру» — 10,95%
- «Республика» — 9,36%
Эскерте кетсек, бул алдын ала чыгарылган жыйынтык жана бардык шайлоо тилкелеринин маалыматы камтылган эмес.