Биз менен байланышыңыз

Жапаров: «Кумтөр» кенинин эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлөт

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 1260 | 0

«Кумтөр» кенинин эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» кенинин эмгек жамааты менен жолугушуусунда маалымдады.

Мамлекет башчысы ишкана иштеп жатканын жана мындан ары да планга ылайык, туруктуу негизде иштей турганын өзгөчө белгилеп, мындан улам компаниянын эмгек жамаатын өлкө элинин кызыкчылыгына чын дилден жана абийирдүүлүк менен иштөөгө үндөдү.

Садыр Жапаров алтын кендин ата мекендик экономикадагы өзгөчө ордуна токтолуп, убактылуу тышкы башкарууну киргизүү менен «Кумтөр» кенинде мындан ары экология менен айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине чоң көңүл бурула турганын белгиледи.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды. Компаниянын кызматкерлерин учурдагы иши, ден соолуктарын чыңдоо жана социалдык мүнөздөгү башка уюштуруу чаралары боюнча суроолор кызыктырды.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кен эми толугу менен Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеп баштаганы үчүн компаниянын бардык кызматкерлерин ишкананын мүлкүнө аяр мамиле жасоого жана болгон күч-аракетин жумшап иштөөгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM