Биз менен байланышыңыз

Ат-Башынын бийик тоолуу чек ара заставасына биринчи жолу электр жарыгы орнотулууда

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 480 | 0

Нарын облусунун Ат-Башы районунда алыскы бийик тоолуу чек ара заставасына электр энергиясын өткөрүү боюнча жумуштары аяктап калды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.

30 жылдан ашуун убакытта заставанын күнүмдүк жашоо тиричилиги дизелдик электр станциясынан көз каранды болуп келген, ага байланыштуу электр энергиясы белгиленген убакта гана чектелген көлөмдө берилчү.

Бүгүнкү күндө трансформатор жана мамычаларды орнотуу жумуштары аяктап калды. Жумушчулар подстанциянын ишин жөнгө салуу жана жогорку чыңалуудагы зымдарды тартуу иштерин аткарып жатышат.

Чек ара заставасында электр энергиясынын болушу катаал климаттык шартта кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо шарттарын бир кыйла жеңилдетмекчи.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарында аталган чек ара заставасына барып, тишелүү мамлекеттик органдарга жыйырма күндүн ичиниде чек ара заставасына электр энергиясын тартып берүү тапшырмасын койгон.

Copyright © 2017 Maral FM