Биз менен байланышыңыз

Нарында катуу шамал шиферлерди учуруп кетти (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 696 | 0

8-апрель күнү саат 20:00дон 23:50 чамасына чейин Нарын облусунун аймагында шамал катталды. Ат-Башы районунда шамалдын ылдамдыгы 23-25 м/с чейин жетип, калктуу конуштардагы турак жайлардын, чарбалык курулуштардын жана административдик имараттардын чатыр жабууларынын шиферлерин учуруп, зыян келтирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

9-апрель күнү саат 17:00го карата 7 айыл өкмөттө тактоо иштери жүрүп, алдын ала маалымат боюнча 18 турак-жайдын 394 чарчы метр чатырчасы, ошондой эле чарбалык курулуштардын 293 чарчы метр аянттагы чатырча жабуусу жараксыз абалга келгендиги маалым болду.  Комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгында келтирилген чыгымдар аныкталып, кошумча маалымдалат.

Учурда Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан  үч багыт боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM