Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Баткендеги чек ара маселеси талкууланат

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 951 | 0

Бүгүн, 17-февралда саат 10. 00дө Баткендеги чек ара маселеси боюнча тегерек стол өтөт. Иш- чара “Чек ара” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп жатат.

Аталган иш-чарада Баткен облусундагы чек ара маселесин чечүүнүн жолдору, чек арага чектеш жайгашкан жерлердеги жарандардын кооопсуздугу жана чек ара маселесин чечүү үчүн Улуттук комиссия түзүүнү сунуштоо каралмакчы.

Иш-чарага Баткен облусунда мурда иштеп кетишкен экс-губернаторлор, күч органдарын жетектеп иштешкен саясатчылар, эксперттер жана Акыйкатчы чакырылган. Күн тартибиндеги маселелер боюнча конструктивдүү жооптор айтылып, сунуштар изделет.

Мындан сырткары, Баткен, Лейлек райондорунун Тажикстан менен чек аралардагы айылдарынын жайгашуусу, географиялык карталар боюнча презентациясы болот.

Copyright © 2017 Maral FM