Биз менен байланышыңыз

«Чек ара» коомунун башчысы Сапарали Бөрүбаев үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 2767 | 0

Баткендин Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы, “Чек ара” коомдук бирикмесинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Асылбек Кунгуров “Маралга” билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди бүгүн, 19-мартта Баткен райондук сотунун тергөө судьясы чыгарган.

Баткен райондук сотунун тергөө судьясы Сапарали Бөрүбаевдин баш коргоо чарасын камакта кармоо түрүнөн үй камагына өзгөрттү. Мындай чечим Баткен облустук прокуратуранын сунушу менен болду. Баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү менен тергөө иштери улана берет, — деди жактоочу Асылбек Кунгуров.

Сапарали Бөрүбаевге карата Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен иш козголуп, 14-февралда милиция аны камакка алган. Лейлек райондук соту 15-февралда Бөрүбаевдин бөгөт чарасын карап, 14-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Буга айылдык кеңештин депутаты Нурдин Дүйшөбаевдин төрага Бөрүбаев «эч бир себепсиз коомдук жайда уят сөздөр менен акаарат кылып, жерге жаткырып алып уруп, денесине зыян келтиргенин» айтып арызданганы негиз болгон.

Күч органдары кийин Бөрүбаевдин бул ишине кошуп, 2012-жылдагы “Тоноо”, “Жапырт башаламандык” жана «Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу» беренелеринин негизинде да сотко чейинки өндүрүш ачкан.

Бөрүбаев 2012-жылдын 19-22-ноябрь күндөрү Лейлектеги алтын кени бар «Апрельская» тилкесинде болгон башаламандыкка тиешеси бар деп шек саналууда.

Сапарали Бөрүбаев «Чек ара» коомдук бирикмесинин төрагасы болуп саналат. Анын камалышы ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу экенин бирикменин мүчөлөрү айтып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM