Биз менен байланышыңыз

Өндүрүш Токтонасыров: Чек араны коргоп чыккан Сапарали Бөрүбаев колдоого татыктуу

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 1364 | 0

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров учурда камакка алынган Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевди колдоп нааразычылык акциясына чыкты. Ал айылдык депутатка куугунтукту токтотууну жана аны бошотууну талап кылат.

Сапарали Бөрүбаев жеке кызыкчылыгын көздөгөн жок. Ал Кыргызстандын аймагын колдоп, чек ара маселесин көтөрүп чыкты. Мындай жигиттер колдоого татыктуу, — дейт укук коргоочу.

Сапарали Бөрүбаев 14-февралда кармалып, Лейлек райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган. Ага «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, кийин талап-тоноо айыбы да тагылууда.

Сапарали Бөрүбаев өзүнө тергөөчү тарабынан психологиялык басым болгонун билдирип, бул боюнча прокуратурага кайрылганын анын жактоочусу Асылбек Кунгуров “Маралга” билдирген.


Камактагы Сапарали Бөрүбаев милиция басым жасады деп прокуратурага даттанды


 

Copyright © 2017 Maral FM