Биз менен байланышыңыз

Мьянмада дагы 20дай адам полиция огунан каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 961 | 0

Мьянмада кечээ, 14-мартта аскердик бийликке каршы чыккан демонстранттарга карата полиция тарабынан ок атылып, 18 адам набыт болду. Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, 14 демонстрант өлкөдөгү ири шаар Янгондогу нааразылык чарасын басуу учурунда мерт болгон, калган төрт адам башка шаарларда окко учту. Мьянманын мамлекеттик телеканалы нааразычылык учурунда бир полициянын каза болгонун кабарлады.

Буга чейин, 3-мартта Мьянмадагы нааразылык акцияларын кууп таратуу учурунда 38 адам набыт болуп, алардын арасында жашы жете элек балдар бар экендиги айтылган.

Бирма деген аталыш менен да белгилүү Мьянма бир нече жыл бою аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. 2011-жылы бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган.

Ушул жылдын 1-февралында армия кайрадан бийликти кулатып, Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жетекчилерди камакка алган. Ошол күндөн бери анын тарапташтары жана жалпы демократиянын жактоочулары аскерлердин күч колдонуусуна карабастан, Аун Сан Су Чжинин бошотулушун жана өлкөдө демократиянын орношун талап кылып, нааразычылык акцияларына чыгып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM