Биз менен байланышыңыз

Мьянмада полиция демонстранттарга каршы суу аткычтарды колдонууда

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 1079 | 0

Мьянма армиясы бийликти басып алгандан бери 3-күнү массалык нааразычылык акциясы уланууда. 7-февралда Мьянмада он миңдеген адам катышкан нааразылык жыйындары өтүп, жакында болгон аскердик төңкөрүштү айыпташты жана шайланган лидер Аун Сан Су Чжинин бошотулушун талап кылышты.

Бул нааразылык жыйындар – 2007-жылдагы демократияга өтүүгө түрткү берген Шафран ыңкылабынан кийинки эң ири нааразылык акциясы болуп калды.

Бийликти басып алган аскердик хунтага каршы кеңири жайылган нааразылык митингинин экинчи күнүндө ири шаар Янгонго чогулган калк Су Чжи айымдын «Демократия үчүн» улуттук лигасынын (NLD) түсү болгон кызыл түстөгү кыска көйнөктөрдү кийип, кызыл желектерди жана кызыл шарларды көтөрүп чыгышты.

Алар «Биз аскердик диктатураны каалабайбыз! Биз демократияны жактайбыз!» деген ураандарды чакырышты.

«Mizzima» порталы маалымдагандай, өлкөнүн борбору Нейпьидо шаарында полиция кызматкерлери нааразычылыкка чыккандарды таркатуу үчүн суу аткычтарды колдонгон. Күч түзүмдөрү менен кагылышуудан жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган эмес.

1-февралда Мьянма аскерлери бийликти басып алган соң, өлкөдө бир жылга өзгөчө абал режимин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM