Биз менен байланышыңыз

Мьянма армиясы бийликти басып алып, бир жылга өзгөчө абал режимин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 5167 | 0

Мьянма армиясы бийликти басып алып, мамлекет башчылары кармалган соң, өлкөдө 1 жылга өзгөчө абал режимин жарыялады. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыкты.

Аскерлер бийликти башкаруу бир жылдык мөөнөткө алардын көзөмөлүнө өткөнүн маалымдаган. Армияга таандык «Myawaddy TV» каналынын диктору бул басып алууну учурда Мьянманын башында отургандардын өткөн жылдын ноябрь айында болгон шайлоодогу мыйзам бузууларга көз жумгандыгы менен түшүндүргөн.

«Синьхуа» маалымат агенттиги билдиргендей, Мьянма куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Мин Аунг Хлайн мамлекеттик төңкөрүш аркылуу өлкө бийлигин колуна алган. Учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп вице-президент Мьинт Шве дайындалды.

Буга чейин Мьянманын мамлекеттик кеңешчиси Аун Сан Су Чжи жана башка бир нече бийлик өкүлдөрү кармалганы айтылган. «Associated Press» өлкө президенти Вин Мьин да кармалганын аныктады.

Мьянманын борбору Нейпьидо шаарында интернет менен уюлдук байланыш иштебей турат.

АКШ Мьянмадагы чиновниктердин туткундалуусу боюнча тынчсыздануусун билдирген. Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки Вашингтон жакында өткөн шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүүлөргө каршы экендигин жана бийликти демократиялык жол менен өткөрүүгө тоскоолдук кылбоого, туткундалгандарды бошотууга чакырган билдирүү жасады.

Copyright © 2017 Maral FM