Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан — Мьянма курамалары беттешет

Кыска кабар , Спорт | 10 Окт 2019 | 1200 | 0

Бүгүн Кыргызстанда чоң футбол. Улуттук курама команда 2022-Дүйнө жана 2023-жылы Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында Мьянма курамасы менен беттешет.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Кечээ эки кураманын башкы машыктыруучулары оюн алдында журналисттер менен жыйын куруп, беттеш боюнча өз пикирлерин айтышты.

Мьянманын башкы машыктыруучусу Миодраг Радулович Кыргызстандын курамасы мыкты экенин, бүгүнкү беттеш анын командасы үчүн зор тажрыйба болорун айтты.

Өз кезегинде улуттук командабыздын башчысы Александр Крестинин курамага бардык мыкты оюнчулар чакырылганын, жеңишти камсыздоо үчүн болгон аракетин көрүшөрүн белгилеп кетти.

«Биз Мьянма менен Азия Кубогунда ойногонбуз. Азыр ал таптакыр башка команда. Машыктыруучусу башка, талап башка болуп өзгөрдү. Курама жаш курагы боюнча да, оюну боюнча да өзгөрдү», — деди Крестинин.

Маалымат жыйынга эки кураманын капитандары Валерий Кичин жана Зо Мин Тун да катышты.

Командалар бул этапта «F» тайпада ойноп жатышат. Кыргызстан биринчи беттешин Тажикстан менен конокто ойноп, 1:0 эсебинде жеңилип калган.

Copyright © 2017 Maral FM