Биз менен байланышыңыз

Мьянмада төңкөрүштөн соң соцтармактар жабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 560 | 0

Мьянманын аскерий бийлиги мамлекеттик төңкөрүштөн соң өлкөдөгү нааразычылыкты басуу максатында интернет-провайдерлерге Facebookту убактылуу чектөөгө алууга буйрук берди. Бул тууралуу «Блумберг» басылмасы жазды.

Бул арада Фейсбуктун өкүлдөрү Мьянмадагы тургундар үй-бүлөсү жана достору менен баарлашып, башка маанилүү жаңылыктардан кабардар болуусу үчүн бийликти байланышты калыбына келтирүүгө чакырган.

«NetBlocks» интернет-мониторингинин маалыматы боюнча, Мьянмада Instagram жана кат алмашуучу WhatsApp менен Facebook Messenger да блоктолгон.

Бул өлкөнүн операторлору бийликтин буйругун аткаргандыктан, интернет-провайдерлер соцтармактарга чектөө киргизген.

Аскердик бийлик 7-февралга чейин Фейсбук социалдык тармагына уруксат бербөө боюнча буйрук чыгарганы айтылууда.

Эске салсак, 1-февралга караган түнү Мьянма армиясы бийликти басып алып, мамлекет башчылары кармалган соң, өлкөдө 1 жылга өзгөчө абал режимин жарыялаган.

Мьянма армиясы бийликти басып алып, бир жылга өзгөчө абал режимин жарыялады

Copyright © 2017 Maral FM