Биз менен байланышыңыз

Мяьнма: Нааразычылык акциясында полиция аткан октон жарандар каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 648 | 0

Мьянмада полиция нааразылык акциялардын катышуучуларына ок атып, анын кесепетинен бир нече жаран каза болду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Соңку демалыш күндөрү Мьянманын бир нече шаарында аскердик режимге каршы нааразылык акциялар өттү. Янгон, Тавой жана Мандалай калааларында полиция менен болгон кагылышууларда кеминде 18 киши каза болуп, 30дан ашыгы жаракат алды.

«Би-Би-Си» жазгандай, кагылышуулар маалында полиция кызматкерлери алгач желим окторду колдонсо, кийинчерээк кадимки ок менен атып баштаган.

Мьянма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган.

Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан бийликти кулатып, Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган. Аскердик жетекчилик былтыр ноябрдагы «парламенттик шайлоону таза өткөргөн жок» деген шылтоону жүйө катары карманып жатат. Мьянма аскерлери бийликти басып алган соң, өлкөдө бир жылга өзгөчө абал режимин жарыялаган. Ошол күндөн бери демократиянын жактоочулары нааразычылык акцияларына чыгып келет.

Мьянманын оппозициячыл күчтөрү гана эмес, дүйнө коомчулугу да аскердик хунтадан өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM