Биз менен байланышыңыз

Гонконгдо миңдеген адамдар митингге чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 639 | 0

Гонконгдо миңдеген адамдар коронавирус пандемиясынын айынан парламенттик шайлоонун жылдырылышына каршы нааразычылык акциясына чыгышты.

Шайлоо 6-сентябрга белгиленген болчу. Бирок Гонконг өкмөтү коронавируска чалдыккандардын көбөйүшүнө байланыштуу шайлоону 2021-жылдын 30-июлуна жылдырууну чечти.

Митингчилер: «Мага добуш берүү укугумду кайтарып бериңиз!» — деп кыйкырышты.

Алар дароо эле жергиликтүү күч структуралары менен беттешкендиктен, көп аралыкты өтө алышкан жок.

Полиция митингге чыккандарды таркатуу үчүн жүздөгөн демонстранттарды жүк ташуучу унаалар менен алып кетти. 300гө жакын демонстрант камакка алынды.

Оппозиция өкмөттү пандемия шылтоосу менен добуш берүүгө тоскоолдук кылып жатат деп айыптоодо.

Copyright © 2017 Maral FM